Жумгалдын Куйручук айылынын имамы өзү жалгыз дезинфекциялоо иштерин жүргүздү

Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айылынын имамы Болотжан Сапарбеков өз айлындагы коомдук жайлардын баарын дезинфекциялоодо. Бул тууралуу Жумгал районунун баш имам хатиби Рустам Сейталиев билдирди.

Анын айтымында, Куйручук айылынын имамы жергиликтүү айыл өкмөтү менен биргеликте айыл ичиндеги соода дүкөндөрүн, коомдук жайларды, киши көп кирип чыккан имараттарды, айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын (ФАП) жугуштандыруу иштерин жүргүздү.

«Куйручук айылынын имамы Болотбек аксакалыбыз өз демилгеси менен жана жергиликтүү айыл өкмөтүнүн колдоосу менен айылдагы коомдук жайлардын баарын дезинфекциялоо иштерин жүргүздү. Муфтияттын, Нарын казыятынын берген тапшырмасына ылайык алгач өз айылындагы мечитти толугу менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзгөн. Мындан тышкары өз демилгеси менен айылдагы бардык коомдук жайлардын имараттарын дагы жугушсуздандыруу иштерин жүргүзүп келүүдө»,- деди Рустам Сейталиев.

Мындан тышкары район баш имам хатиби учурдагы кырдаалга байланыштуу имамдар жергиликтүү тургундарга массалык көп чогулбоо, маркумдун акыркы сапарына жакын туугандарынын гана катышуусунда өткөрүү керек экендиктерин түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.