Кочкор хатибияты аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Нарын облустук мусулмандар казыятынын Кочкор хатибияты тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, кечээ 2- апрель күнү Кочкор райондук хатибияты демөөрчүлөрдүн жардамы менен 25 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар бирине 1 мүшөк ун жардам көрсөттү.

Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев демөөрчүлөрдүн аманатын, ар бир муктаж үй-бүлөгө өз дарегине жеткирип берди.

«Демөөрчүлөрдүн иштерине ийгилик каалайбыз, ушундай кыйынчылык учурда көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдиребиз»,- деди баш имам хатиб.