Муфтият кайрымдуу исандар менен биргеликте муктаждарга 1500 мүшөк ун таратат

Бүгүн, 3-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кайрымдуу инсандар 1500 мүшөк унду Кыргызстандын аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, медресе жана дин кызматкерлерине тарата турганын билдирди.

Муну менен катар Азирети Муфтий ушундай кыйын мезгилде жардамдын кандай гана түрү болбосун социалдык абалы оор үй-бүлөлөр үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, колунда бар инсандарды кайрымдуу болууга чакырды.

“Жараткан Алла Таалам Кыргызстандыктарды ар кандай балээлерден, өзгөчө коронавирус илдетинен сактап, ооруларга шыпаа берип, кайгы кападан, кыжаалатчылыктан Жаратканыбыз сактасын. Ушундай кайрымдуу иштерди кылууга колунда бар мекендештерибизди берешендикке, элге кайрымдуу болууга чакырат элем”,-деди Азирети Муфтий.