Жайыл хатибияты жана райондогу имамдар постто турган милиция жана медицина кызматкерлеринен кабар алып, аларга ысык тамак уюштурушту

Чүй облусунун Жайыл хатибияты жана райондогу имамдар блокпостто турган милиция жана медицина кызматкерлеринен кабар алып, аларга ысык тамак уюштурушту

Аталган райондун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев жетектеген Жайыл хатибияты жана райондогу имамдар мамлекеттин коопсуздугун сактап, посттордо кызмат өтөп жаткан милиция жана медицина кызматкерлеринен кабар алышып, аларга ысык тамак уюштурушту.

Муну менен катар Нурдан ажы Өмүралиев кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип, ушундай учурда ынтымактуу болуп, бири-бирибизге кайрымдуу болушубуз керек экендигин баса белиглеп айтты.

«Мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн милиция жана медицина кызматкерлери талыкпастан 24 саат бою кызмат кылышууда. Бул өтө соопту иш. Мекенди сүйүү да – ыймандан. Ушундай катаал кырдаалга дуушар болуп калганыбызда, бардыгыбыз ынтымак менен, бири-бирибизге кайрымдуу болсок, тез аранын ичинде бул аты жаман илдетти да жеңип чыгабыз»,- деди баш имам хатиб.

Белгилей кетсек, ысык тамак жалпысынан 86 кызматкерге берилди.