Жалал-Абад облусунда жакыр жашаган имамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылды

Бүгүн, 4-апрель күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз каары Муфтият тарабынан жиберилген унду Жалал-Абад облусуна караштуу райондордо жакыр жашаган имамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп берди.

Сузак районунда абал курч болгонуна байланыштуу аталган районго тиешелуу ун эртең, 5-апрелден тарта таркатылат. Жалпы 200 мүшөк ун берилет.

«Мен жеке өзүмдүн атымдан жана жалпы Жалал-Абад элинин атынан Азирети Муфтийибизге жана кайрымдуулукка кол сунган демөөрчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем. Мындай шартта бири-бирибизге көмөк көрсөтүү Ислам динибиздеги жана кыргыз элибиздеги улуу сыпаттардан»,-деди Абдулазиз каары.