Муфтият жана Чүй казыяты кайрымдуу жарандар менен биргеликте Чүйдөгү муктаж имамдар жана медресе мугалимдерине 100 мүшөк ун таратылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Чүй облусунун мусулмандар казыяты, мамлекетибиздеги кайрымдуу жарандар менен биргеликте, Чүй аймагындагы муктаж имамдар, медресе мугалимдери жана колу жука үй-бүлөлөргө 100 мүшөк ун таратышты.

Бул кайрымдуу иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловтун демилгеси менен уюштурулуп, ага кайрымдуу жарандар демөөрчүлүк кылышкан.

Иш-чара алкагында Чүй казысы ушундай кыйын учурда колубуздан келишинче, кандай гана жардам болбосун көмөк көрсөтүп турсак, бири-бирибиз үчүн абдан маанилүү экенин айтып, чыныгы биримдикти, сабырдуулукту көрсөтө турган мезгил экенин баса белгиледи.

«Жараткан Кудай Таалам элибизди оору-сыркоодон сактап, адамдык тубаса касиеттерди бекем сактоого мүмкүнчүлүк берсин. Садака – балээни кайтарат эмеспи, ошондуктан ким эле болбосун, кандай жол менен жардам бере алса, муктаждардан кабар алууга чакырат элем. Ата-бабаларыбыздан бери уланып келе жаткан асыл сыпаттарды көрсөтө турган учур келди. Бардыгыбыз бир үммөт болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу болсок, атайын даярдалган адистердин сунуштарын бекем кармансак, тез арада бул илдетти жеңип чыгабыз», — деди Чүй казысы.