Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов туугандары менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов өзүнүн туугандары менен биргеликте, колу жука, муктаж 150 үй-бүлөгө 170 миң сомдук жардам көрсөттү.

Иш-чараны баш имам өзү демилгелеп, өз туугандары менен биргеликте күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк менен толтурулган баштыкчаларды элге таратышты.

Маалыматка караганда, ар бир баштыкча орто эсеп менен 1250 сомго бааланган. Имиржан ажы Касымов өз сөзүндө элди сабырдуу болууга чакырып, кайрымдуулук кылууга үндөдү.

«Дүйнө жүзүн титиретип, элди кыжалаттыкка салган жаман илдет пайда болду. Бирок, сабырдуу болуп, динибизде баса белгиленген тазалыкка көңүл буруп, медицина кызматкерлеринин талаптарын так аткара турган болсок, тез аранын ичинде аты жаман илдеттен арылабыз. Учурдан пайдаланып жалпы элди сабырдуулукка жана кайрымдуу болууга чакырат элем», — деди Имиржан ажы Касымов.