Майлуу-Суу шаарында жардамга муктаж 15 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургуну жеке ишкер Борубаев Абдуманап шаардын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков менен биргеликте аз камсыз болгон 15 үй-бүлөгө 10 000 сомдук азык-түлүк таркатты.

Муну менен эле чектелбестен мындан ары дагы кол кабыш кылып тураарын билдирди.

«Жасаган ишиңден Жараткан ыраазы болсун! Кыямат күнүндө сообун эселеп кайтарсын. Ушундай оор кырдаалда элибизге жардам берем деген эрендер көп болуп, элибизде тынчтык, аманчылык болсун»- деди баш имам хатиб.