Талас облустук казыяты шаарда блокпосто тургандарга ысык тамак уюштурду

Кечээ, 4-апрелде Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев  өз демөөрчүлүгү менен  Талас шаарында блокпосттордо турган милиция жана дарыгерлерге ыссык тамак-аш уюштурду.

Элдин коопсуздугун, саламаттыгына кам көрүп күзөттө турган кызматкерлерге казы Таалай ажы Бапиев, орун басары Касым ажы Сыдыков жана Талас облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак ажы Абдысамат уулу катышып, алардын ишине ийгилик каалап, дуба кылды.

“Мекен үчүн, эл жердин саламаттыгы үчүн   күн — түн дебей күзөттө турган дарыгерлерге  жана  башка кызматкерлерге  терең ыраазычылыгын билдирип, мекенибиздин саламаттыгы сиздерге көз каранды. Ишиңиздерге ийгилик. Аллах Таалам   эки көз акыретте тозок отуна  күйбөйт, анын бири  түн ичинде  эл уктап жатканда   ойгонуп  тахажуд окуган көз, экинчиси   күн — түн уйку көрбөй  мекендин   тынчтыгы үчүн  күзөттө турган көз. Буйруса  бул эмгегиңиздер үчүн Аллах Таалам  берекесин берет”, —  деди Таалай ажы Бапиев.