Нарын облусундагы дин кызматкерлерине жана муктаж үй-бүлөлөргө ун таратылды

Кечээ, 4 – апрелде Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен кайрымдуу инсандардын көргөзгөн жардамынын 65 кап уну Нарын облусундагы дин кызматкерлерине жана муктаж адамдарга берилди.

Жалпы 65 каптан турган ун мүшөктөрү Ак-Талаа районуна 7 мүшөк, Ат-Башы районуна 11 мүшөк, Нарын районуна 10 мүшөк, Жумгал районуна 11, Кочкор районуна 16, Нарын шаарына 7, Нарын медресесиндеги 3 мугалимге берилди.

Аталган ун мүшөктөрү шаардык жана райондордогу баш имамдардын берген тизмесинин алкагында түзүлүп, тизме боюнча жиберилген.