Балдарды колдоо жылынын алкагында облустук деңгээлде кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев жана казыяттын жалпы жамааты менен демилге көтөрүп, имам хатибтер жана мечиттердин имамдары менен биргеликте март айынын ичинде облустук деңгээлде кайрымдуулук иштерин өткөрүштү.

Кайрымдуулукка Талас шаары жана облустун 4 районун аймагынан жеке кайрымдуу инсандар катышып өз жигердүлүктөрүн көрсөтүштү.

Алсак, Талас шаарынан 61610 сом чогулуп, тизмеде турган 60 муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жана азык түлүк түрүндө таратылды. Ошондой эле Талас районунан 142000 сом түзүп 180 үй-бүлөгө, Бакай – Ата районунан 105666 сом түзүп 105 үй-бүлөгө, Кара – Буура районунан 123000 сом түзүп 90 үй-бүлөгө, Манас районунан 158000 сом түзүп 142 үй-бүлөгө азык – түлүк жана акчалай түрүндө таратылды.

Жалпы суммасы 590276 сомду түздү. Ал кайрымдуулук негизинен көп балалүү үй-бүлөгө , жетим жесирлерге, майыптуулугу бар деп аталган 577 үй-бүлөгө жардам катары берилди.

“Өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана калкты жакырчыктан чыгаруунун бирден бир жолу болгон кайрымдуулук ишин баштап, колдон келген жардамдарыбызды көрсөтүп жатабыз. “Көп түкүрсө көл болот” демекчи көпчүлүктүн деми менен чогулган кайрымдуулук аярлуу үй-бүлөлөргө жардам катары таркатылды.  Эл, жер деп жашаган  мекенчил эр азамат жигиттерибиз мындай жакшылык ишти ушуну менен токтотпой дагы уланта бермекчи«,- — деди облус казысы Таалай ажы Бапиев.

Ошондой эле облус казысы азыркы кырдаалга байланыштуу областагы ар тармактын атуулдарынан ар кандай жардамдар көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.