Кара – Буура районунун Аманбай айылындагы 16 муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Кечээ, 4-апрелде Талас облусундагы Кара–Буура районунда жайгашкан Аманбай айылындагы «Аль Шарифа» мечитинин имамы Иманбек Чалышовдун демилгеси учурдагы кырдаалга карата жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды.

Кайрымдуулукка кеткен каражатты «Эко фасоль» ишканасынын кызматкерлеринин демөөрчүлүгү менен жардамга муктаж 16 үй-бүлөгө тамак-аш таратылды. Ар бир үй-бүлөгө 1 кап ун,  2 литр май, 4 кг макарон таратылып, жалпы 16 үй-бүлөгө 33 миң сом сарпталды.

“Айылдын ичинен ушундай эр жигиттерибиз элди ойлоп бир – бирибизге  кыйын кырдаалда жардам көрсөткөнү бизди кубандырат. Өмөт көрсөткөн тартипти сактасак  Кудай буюрса жакын арада бул ооруну дагы жеңебиз”, — деди мечиттин имамы Иманбек Чалышов.