Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айлынын имамы постто тургандарга ысык тамак уюштурду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айлынын имам хатиби Таштанкул Саткыновдун демилгеси менен мечит жааматы колдого алып, карантинде блокпостордо турган дарыгер, милиция жана медицина кызматкерлери үчүн ысык тамак уюштурулуп берилди. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, элдин саламаттыгын жана коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен биргеликте элибиздин тынчтыгы үчүн дуба кылынган.

«Райондогу имамдар учурдагы кырдаал боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аны менен катар өз демилгелери менен өздөрүнүн айылындарында уюштурулган санитардык- карантиндик посттордо турган медицина, милиция жана элдик ыктыярчылардан турган адамдарга ысык тамак уюштурулуп берилүүдө. Мунун баары Аллахтын ыраазычылыгы, элибиздин саламаттагы үчүн уюштурулууда»,- деди Акылбек Эсеналиев.