Ысык-Көл облусундагы дин кызматкерлерине ун таратылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуу инсандар менен биргеликте облус боюнча 40 кап ун толугу менен жардамга муктаж диний кызматкерлерге таратылды.  

“Учурда болуп жаткан кырдаалда Азирети Муфтийибиз демилге кылып, элибизге дем-күч берип, четте калбастан колдоо көрсөтүп жаткандыгы албетте жүрөк жылытарлык иш”, -деди Алмазбек ажы Сагындыков.

Мындан тышкары Жараткандын убактылуу сыноосуна сабырдуулук менен жалпыбыз ынтымакта, биримдикте моюн сунуп, биримдикте алдыга кадам таштоо зарыл экендигин кошумчалады.