Таш-Көмүр шаарында жардамга муктаж 33 үй-бүлөгө ун таратылып, илдетти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мансуров Мураталы «Исар» фондунун колдоосу менен Таш-Көмүр шаарындагы 33 үй-бүлөгө ун таркатып берди.

Мындан тышкары Мураталы ажы Мансуров ШИИБнин кызматкерлери жана элдик кошуун менен биргеликте калкка өздүк гигиенаны сактоо жана үйдөн чыкпоо тууралуу тушундуруу иштерин жүргүзүштү.