Тоң районундагы 35 муктаж үй-бүлө ун менен камсыздалды

Кечээ, 5-апрелде Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Коо жана Ж.Бөкөнбаев айылдарындагы муктаж үй-бүлөлөргө 35 мүшөк ун таратылды. Жардам ар бир үй-бүлөгө жеткирилип берилип, алардын жашоо-турмушунан кабар алынды. Ал эми Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты аймактагы дин кызматкерлерине 40 мүшөк ун азыгын жардам катары таратып берди.

«Бул жардамдарды Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуу жарандар менен биргеликте уюштурду. Жардам алгандардын басымдуу бөлүгү турмушу оор үй-бүлөлөр, жетим-жесирлер, майыптар болду. Кыйын мезгилде жардам колун сунган кайрымдуу инсандарга жардам алган мекендештерибиз ак баталарын беришти»,-деди КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев.

Эске салсак, кайрымдуу жарандар тарабынан өлкө аймагындагы 1500 муктаж үй-бүлөгө жана дин кызматкерлерине ун азыгы таратылып берилди.