Манас районунун хатибияты блокпостордо тургандарга ыссык тамак уюштурду

Бүгүн, 6-апрелде Талас облусундагы Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев районун айыл өкмөттүн имамдары уюштуруп коюлган блокпосттордо турган милиция жана дарыгерлерге ысык тамак уюштурду.

Мындай ысык тамак берүү иш-чарасын Кызыл Жылдыз айылынын имамы Абдуманап Юнусов, Кеңеш айылынын имамы Абдумитал Бопушев жана баш имам хатиб өзү жетектеп Киров суу сактагычынын үстүндө турган блокпостко ысык тамактарды жеткирип беришти.

“Элибиздин башына мүшкүл түшүп турган учурда азаматтык милдеттерин аткарып турушкан эр жигиттерибиз аман болушсун. Ооруу тез жок болуп элибиз, мекенибиз сак саламат болсун. Эгерде блокпостторго адам жетишпей жатса биз имамдар да мөөнөткө чыгууга даярбыз”, — деди баш имам хатиб Миржалал ажы.