Кадамжайдын Кара-Жыгач айылынын жаштары элдин бир катар социалдык маселесин чечип беришти

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы “Молдо Мырзакан” мечитинин имамы Айбек Кузибеков жергиликтүү жаштарды жана жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен айылдагы элдин бир катар көйгөйү чечилип, социалдык абалы жакшырууда.

Алар:

1.Жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен айылыбыздын ичиндеги жолдорубуз оңдолду. Айыл өкмөт тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди.

2.1983-жылы туулган Кара-Жыгач жана Кара-Кыштак айылдарынын жигиттери Молдо Мырзакан мечитинин алдына арка куруп беришти.

3.Кара-Жыгач фондунун демилгеси Кара-Жыгач, Кара-Кыштак элине ар бир үй бүлөгө үч даанадан  көп жолу колдонулуучу  3000  мин даана  маска таркатылды.

“Биримдик менен бийикпиз дейтко элибизде ынтымак биримдикте болсок мындан да чоң иштерди аткарсак болот. Ушундай жакшы  иш чараларды аткарган берешен  жигиттерибизге жана аларга көмөктөшкөн инсандарга чоң ыраазычылык билдирем. Тамчылап жасаган сооптоу иштерибизди жараткан  Аллахым деңиздин көлөмүндөй кабыл кылсын”,- дейт Кара-жыгач айылынын имам Айбек Кузибеков.