Талас шаарында 7 – апрель окуясында каза тапкан мекен шейиттери эскерилди

Бүгүн, 6 – апрелде Талас шаарындагы шейиттер аллеясында 2010 – жылдын 7 – апрелинде мекен үчүн шейит кеткен маркумдардын ата энелери менен биргеликте эскерүү аземи өттү. Ага областтык администрациясынын жетекчилери, Талас шаарынын мэриясы жана Талас облусунун казысынын орун басары Сагынбаев Медер ажы катышты.

Иш-чарада Сагынбаев Медер ажы эл үчүн жер үчүн мамлекет үчүн курман болгон шейиттердин арбагына багыштап Куран окуп дуа кылды. Коронавирус илдетине байланыштуу аз санда адамдардын катышысунда өттү.

“Апрель баатырларынын арбагы эч качан унутулбайт. Алар эл жер учун жан берген эр азаматтар. Биз силерге түбөлүк таазим этебиз. Мекенибизге жаркын жашоо алып келген силерсиңер”, — деди Талас облус казынын орун басары Сагынбаев Медер ажы 

Эскертсе кетсек, 2010 – жылдын  7 – апрелде Талас облусунан 7  адам жалпы Кыргызстандан 87 адам шейит болгон.