Тоң районунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө тамак-аш таратылды


Учурдагы кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң райондук хатибияты кайрымдуулук ишин улантууда.

Социалдык абалы начар тургандарга райондук хатибият жамааты, ажылардын жана кайрымдуу инсандардын демөөрчүлүгү менен тамак-аш түрүндө жардым көрсөтүлүп жатат.

«Блокпосттордо турган штаб өкүлдөрү менен бирге, учурда көйгөй жаратып жаткан илдеттен сактануу жана алдын-алуу туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз,»-дейт Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы.

Мындан сырткары, жер-жерлерде жазга камылга көрүлүп, жазгы талаа иштери менен бирге мечиттердин айланасына көчөт отургузуу, иреттөө, тазалоо иштери кызуу жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек: бул жолку көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 60 000 сомду түзүп, аз камсыз үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулады.