КМДБ тарабынан Ош шаарындагы дин кызматкерлерине ун берилди

Кечээ, 5-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын имамдарына жана медресе мугалимдерине 100 кап ун таркатылды.

«Азыркы учурда Азирети Муфтий баш болуп бир канча демөөрчүлөр тарабынан дин кызматкерлерине көрсөтүп жаткан жардамыңыздардан Аллахым ыраазы болгон болсун. Ынтымак жана биримдик менен бул ооруну да жеңебиз деп ишенем»- деди Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев

Айта кетсек, КМДБ тарабынан Кыргызстан боюнча жалпы аймактагы дин кызматкерлерине жардам берилүүдө.