Ош облусунун аймагына 250 мүшөк ун келип, дин кызматкерлерине жана жардамга муктаж жарандарга таратылды

Ош облусунун аймагына  караштуу бардык райондорго Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 250 мүшөк ун келип, диний кызматкерлерге, мечит имамдарына жана жардамга муктаж жарандарга таратылды.

Жөнөтүлгөн унду КМДБнын Аппаратынын иш башкармачылык жана чарба иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Алимбай ажы Эргешов жетекчилип кылып, аймактарга бөлүштүрүп берди.

 «Өзгөн аймагы боюнча 45 мүшөк ун алдык. Биз аларды жардамга муктаж дин кызматкерлерине, мечит имамдаранына жана муктаж жарандарга тараттык, — деди Акжол ажы Козубаев.