Кара-Сууда имамдын демилгеси менен аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө 70 мүшөк ун, картошкө жана май таратылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылдык аймагында имамдын демилгеси менен аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө 70 мүшөк ун таратылды. Мындан сырткары күнүмдүк тамак-аш азыктарынан болгон картошкө жана май сатылып алынып, жеринде тапшырылды. Бул тууралуу Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров билдирди.

Анын айтымында, учурдагы абалга жараша Кыргыз өкмөтүнүн мыйзамдарын сактоого, аталган илдеттен кутулуу үчүн саламаттыкты сактоо жана укук коргоо кызматкерлеринин чакырыктарын угууга жана үйдө болууга чакырды.

«Сарай айылдык аймагында буга чейин коронавирусту алдын алуу максатынды 2 бодо мал союлуп, түлөө да өткөрүлдү. Алардын эти аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылган болчу. Бүгүн да моминтип 70 үй-бүлөгө ун, картошкө жана май таратып олтурат. Башка имамдарга үлгү боло турган имамдарыбыздын бири», -деди Абдирашит ажы Батыров.