Нарын районунун Достук айылынын имамы демөөрчүлөр тарабынан 30 кап ун таратты

Нарын облусунун Нарын районунун Достук айылынын имамы Алтынбек Жапаралиев демөөрчүлөр менен биргеликте өз айылына 30 кап ун таркатты. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, ун айылдын элине, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 30 мүшок таратылып берилди.

«Ушундай оор кырдаалда элибизге жардам көрсөткөн байке, эжелерибизге ыраазычылык билдирип кетебиз. Эли жерибизге Кудайым берекесин берип, бул оорудан Жаратканым өзү сактасын»,- деди Алтынбек Жапаралиев