Нарын районунун Эмгек-Талаа айлынын имамы Садыбакас Асакев райондогу бардык мечиттерди дезинфекциялады

Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгек-Талаа айлынын имамы Садыбакас Асакев өз ыктыяры менен ыктыярдуу кызмат көрсөтүп келүүдө. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылынын имамы Садыбакас Асакеев өз ыктыяры менен учурдагы кырдаалга байланыштуу өзүнүн айыл өкмөтүнөө жана ФАП кызматкерлерине жардам берип күнү-түнү кызмат кылууда.

«Айыл имамы бул ооруну биргеликте тартипти сактоо менен биргеликте жеңебиз дейт. Андан сырткары Нарын районуна караштуу бардык айылдардын мечиттери толугу менен биздин хатибият тарабынан Муфтият казыяттан келген буйруктар толугу менен аткарылууда»,- деди Нарын районунун баш имам-хатиби Кумар Орозалиев.