Бакай – Ата районунун хатибияты Кенерал айылында блокпосто турган кызматкерлерге ыссык тамак уюштурду

Кечээ, 6 – апрелде Талас облусунун Бакай – Ата районун баш имам хатиби Абдимажит Сагынбаев  жана Миң Булак айылынын “Сакей ата” мечиттин  имамы  Рашид Айтназаров  менен биргеликте Бакай – Ата районуна караштуу Кенерал айылынын блокпосто турган милиция, ӨКМ жана медицина кызматкерлерине ысык тамак уюштурулуп берилди.

Андан соң Бакай – Ата районунун баш имам хатиби Абдимажит Сагынбаев мамлекеттик кызматкерлерге, айыл өкмөт, жергилүктүү депутаттарына жана блокпосту кайтарып турган бардык  кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

«Элибиз жерибиз Кыргызстан мамлекетибиз ушул илдеттүү оорудан ынтымак, биримдик жана сабыр менен жеңебиз. Исламдын бир бутагы тазалык дегендей баардыгыбыз тазалыкка жана тартиптерге көңүл буруп, көчөлөргө көп себепсиз чыкпай турсак мамлекеттик кызматкерлерге бир тооп жеңилдик болор эле”, — деди  баш имам хатиби Абдимажит Сагынбаев.