Ноокат районунда жардамга муктаж 180 үй-бүлөгө 133 000 сомдук азык-түлүк берилди

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин демилгеси менен жардамга муктаж 180 үй-бүлөгө 133 000 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү.

Анда күнүмдүк тамак-аш азыктарынан болгон ун, май, күрүч жана макорон сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат Ноокат раойондук хатибияты жана кайрымдуу инсандар тарабынан каржыланды.

«Муктаж болгон бир туугандарыбыз аябай эле көп, учурда аларга  жардам берүү зарыл. Биздин кылган жардамдарыбыз башкаларга өрнөк боло алса,  максатыбызга жеткен болобуз», деди Музаффар ажы Турдубаев.