Өзгөн районунда мечиттер, медреселер жана диний окуу жайлар дезинфекцияланууда

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев жана мечит имамдары районго караштуу мечиттерде,  медреселерде жана диний окуу жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.

«Буга чейин да бир канча мечиттерде дезинфеккциялоо иштери болуп өттү. Мындан ары да боло бермекчи. Биз колдон келген аракеттерди кылып, андан ары Жаратканга тообекел кылабыз. Буюрса бул илдетти биримдик менен жеңебиз», — деди Акжол ажы Козубаев.