Сузакта маркум жаңы тартипте жерге берилди

Бүгүн, 7-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жаңы-Ачы айылында узак оорудан каза болгон аял аз гана адамдын катышуусу менен жерге берилди. Жаназага жакын туугандары жана кошуналары гана катышты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында эч кандай союш союлган жок. Тамак-аш жайылбады.

«Урматтуу жамаат мындай өзгөчө кырдаал учурунда гана эмес ар дайым шарияттын талабына ылайык маркум узатууга чакырып кетем. Ысырапка жол бербей, Куран окуп турсак анын сообу ошончолук тиет»,- деди айылдын имамы.