Муфтият тарабынан Кыргызстандын бардык аймагында жашаган жардамга муктаж 1500 үй-бүлөгө ун жеткирилди (фото)

Буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуу инсандар менен биргеликте 1500 мүшөк унду Кыргызстандын аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, медресе жана дин кызматкерлерине жөнөтүлгөнүн билдирген эле.

Бүгүнкү күнгө карата аталган 1500 мүшөк ун өлкөнүн бардык аймагына бөлүштүрүлүп, анын ичинде жардамга муктаж көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары картаңдарга, ден соолугунан турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө атайын тизменин негизинде жеринде таратылды.

Мындан тышкары Кыргызстандын бардык аймагындагы казыяттарда, хатибияттарда, айылдын имамдары демөөрчүлөр менен биргеликте жергиликтүү элге тамак-ашыктарын, блокпосто турган милиция жана медицина кызматкерлерине ысык тамактарды уюштуруп жатат.

Мындан улам Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкөдө болуп жаткан ушундай кыйын мезгилде жардамдын кандай гана түрү болбосун социалдык абалы оор үй-бүлөлөр үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, мекендештерди, ишкерлерди, демөөрчүлөрдү кайрымдуу болууга чакырат.