Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Азирети муфтийдин орун басары Замир каары Ракиевдин атасынын дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Кадырбердиев Абибилла ажы Азирети муфтийдин орун басары Ракиев Замир каарыга атасынын дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты

Урматтуу Замир каары!
Атаңыз Ракиев Шейшенбектин чын дүйнөгө кайткандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүү биздин инсандык жана мусулмандык вазийпабыз.
Касиеттүү Куранды дилинде жат кылган, өлкөбүздүн дин тармагынын жүгүн бир тарабынан талыкпай көтөрүп келе жаткан сиздей уулду жана бир туугандарыңызды тарбиялап өстүргөн Шейшенбек абага Кудай Таалам бейиште нурдуу таажы кийгизет деп ишенебиз.

Атакеңиздин ыйманы саламат, жайы жаннат болсун, Өзүнүн чалкыган ырайымына алсын деп Жараткан Алла Таалага мунажат кылабыз. Дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү өзгөчө абалдан улам топурак салууга катыша албасак да дубаларыбызды жана хатмы Курандын сообун багыштайбыз. Сизге, жакын туугандарыңызга сабыр жана кайрат тилейбиз.

Урматым менен,

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев.