Ысык-Ата районунда муктаж 230 үй-бүлөгө 250 миң сомдук жардам берилди


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда мамлекетибиздеги кырдаалга байланыштуу муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен жардам берилди. Бул тууралу Ысык-Ата хатибиятынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагындагы «Абу Ханифа», «Нуруль-Ислам», «Эки жылдыз» жана «Нур Исламия» мечиттеринин жааматы тарабынан каржыланып, жалпысынан 250 миң сомдук азык-түлүк алынган.

Азык-түлүк Кең-Булуң, Чолпон, Гидростроитель жана Дружба айылдарындагы колу жука 230 үй-бүлөгө таратылып, булардан сырткары дагы муктаж үй-бүлөлөр экинчи айлампадагы кайрымдуулук иш-чарасына белгиленди.

Кайрымдуулук иш-чарасына Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков ыраазычылыгын билдирип, ушул сымал иш-чаралардын бардыгы хатибияттын көзөмөлө менен уюштурулуп жатканын айтты.

«Кыргыз эли мындан да оор кырдаалды баштан өткөрүп, бардыгын жеңип келген. Жеңиштин эң башкы себептери кайрымдуулук болчу. Биз да Ысык-Ата хатибияты кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп келебиз, бардыгы көзөмөл менен. Колун сунуп, көмөк көргөзгөндөрдүн тилеген тилектерин Кудай Таалам орундаткан болсун», — деди баш имам хатиб.