Талас облусундагы медреселерде онлайн түрүндө сабактар уюштурулууда

Талас облусундагы “Али ибн Аби Толиб, “Уку Ата”, “Бакай Ата” медреселер жана Талас шаарындагы жайгашкан “Чет тилдер кыздар медресеси” учурдагы  абалга кырдаалга байланыштуу сабактар үзгүлтүкө учурабаш үчүн бүгүн, 8-апрелден тарта онлайн сабактар берилип баштады.

Окуучуларды сабак менен камсыз кылуу үчүн медресенин мугалимдер жамааты окуучуларга Куран, Хадис, Фикх,араб тили  ж.б.у.с сабактарды аралыктан онлайн түрүндө окута баштады.

“КМДБнын  буйругуна ылайык  билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай, онлайн түрүндө сабактар өтүлүп жатат.  Албетте, бул да болсо Аллахтын берген сыноосу”, — деди Талас облусунун мусулман казыятынын окуу бөлүм башчысы Абдысамат уулу Омурзак ажы.

Эскерте кетсек, 16 – марттан баштап мамлекеттик деңгээлдеги  баардык билим беруу  мекемелер жана диний окуу жайлар карантинге байланыштуу каникулга чыгышкан эле.