Базар-Коргон районунда райондук хатибияты 40 үй-бүлөгө ун, 27 жетим баланын ар бирине 2000 сомдук жардам көрсөттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты тарабынан аз камсыз болгон 40 үй-бүлөнүн ар бирине бир мүшөктөн ун таратылды. Бул тууралуу Базар-Коргон​ районун баш имам хатиби Шаиков Тынчтыкбек ажы билдирди.

Анын айтымында, аталган кайрымдуулуктан тышкары 27 жетим балага 2000 сомдон жалпы 54 000 акчалай жардам көрсөтүлдү.

«Элге кайрымдуулук жардамын берүү менен катар РИИБнин кызматкерлери жана элдик кошуун менен биргеликте калкка өздүк гигиенаны сактоо жана үйдөн чыкпоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз»,-деди Тынчтыкбек ажы.