«Биз биргебиз, тилегибиз бир». Эртең, 10-апрель жума күнү жалпыбыз дин аалымдары менен биргеликте үйдөн дуа кылалы

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эртең, 10-апрелде «Биз биргебиз, тилегибиз бир» аттуу ураандын алдында мамлекетибиз, элибиз үчүн жума күнкү пешин намазынын учурунда үйдө отуруп бардык дин аалымдары жана дин кызматкерлери менен биргеликте элибизди жана бүткүл дүйнөнүн мусулмандарын жалпы дуа кылууга чакырат.
Келиңиздер! Мамлекетибиз, элибиз, журтубуз жана келечегибиз үчүн биригип, жалпы дуа кылалы! Дуа-мусулмандын калканы.
«Биз биргебиз, тилегибиз бир»