![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/04/0ca1e684-8ad6-47fc-a175-7d11d1487b37.jpg)
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылынын имамы Ислам Назаров демөөрчүлөр менен биргеликте айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө 43 кап ун таратты.
“Өзү ток болуп, кошунасы ач болгон бизден эмес” деп динибиз кайрымдуу болууга чакырат. Оор кырдаалда бири-бирибизе жакындан жардам көрсөтүү менен чыгабыз ошондуктан мен бардык мекендештерди кайрымдуу болууга чакырам”, — дейт айыл имамы.
Белгилей кетсек, Баткен районунун Самаркандек айылынан бир жараны коронавирус илдетти менен ооруп, учурда сакайып, ооруканадан чыккан.