Кадамжай районунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктары таратылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатиби Шакир ажы Маматовдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Анын алкагында Кадамжай районунун Халмион айылынын имам хатиби Абдибали ажы Газыбеков  жана Ирилеш айылынын имамы  Убайдулла Кутматов  менен биргеликте жергиликтүү айылдаштардын демөөрчүлүгү менен  айылдын жаңы конуштарында жашап жаткан 10 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчаларын таратты.

Баштыкчада ун, май,чай, кумшекер жана башка күнүмдүк турмушка зарыл болгон азык-түлүктөр бар.

Ал эми ушудай эле кайрымдуулук Кадамжай районунун Кызыл коргон айылынын дин кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, анда аз камсыз болгон 8 үй-бүлөгө  1 каптан ун,  2кг эт, 4 литрден май таратылды.