Кант шаарында жардамга муктаж 35 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди


Чүй облусуна караштуу Кант шаарынын хатибияты жана «Элдик кошуун» элдик фонду, мамлекетибиздеги оор кырдаалга байланыштуу шаар ичиндеги муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан жардам беришти.

Бул иш-чара Руслан Шеримбеков жетектеген «Элдик кошуун» элдик фонд жана Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов шаардагы колунда бар тургундардан каражат чогултушкан себептүү ишке ашкан.

Иш-чара алкагында 40миң сом топтолуп, өтө муктаж болгон 35 үй-бүлөгө күнүмдүк азык-түлүк менен жардам берилди.
Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов бул иш-чара токтобостон улана берүүсүн айтып, каалоочулардын бардыгын жардам колун сунууга чакырды.

«Өзүбүздүн колубуздан келбесе да демилге көтөрүп, фонд түзүп, бул иш-чараны баштаган Кант шаарынын жаштарына ыраазычылыгымды билдирем. Бул соопту иш токтобостон улана бермекчи. Учурдан пайдаланып колунда бар ар бир жаранды кайрымдуулук кылууга чакырат элем», — деди баш имам хатиб.