Алай районунда аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды

Бүгүн, 10-апрелде Ош облусунун Алай районунда колу жука 40 үй-бүлөгө күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктары таратылды.

Мындай соопту ишти Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров жана анын досу, жеке ишкер Илимбек Сулайманов менен биргеликте 35 миң сомдук азык-түлүк алышып, аны жакыр жашаган үй-бүлөгө жеринде таратып беришти.

Азык-түлүк ун, макарон, кант, чай, май, туз картошка, пияз, сабиз, томат түздү.

«Мындай соопту ишти токтобостон колубуздан келишинче уланта бермекчибиз. Учурдан пайдаланып колунда бар ар бир жаранды кайрымдуулук кылууга чакырат элем», — деди Акжол ажы.