Юрьевка айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк менен жардам берилди

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Юрьевка айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 21 миң сомдук азык-түлүк менен жардам берилди. Бул тууралуу Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков билдирди.

Анын айтымында, бул соопту иш-чара Юрьевка айылындагы «Усман бин Аффан» мечитинин жааматынын демилгеси жана каражаты менен уюштурулган.

Иш-чара алкагында 21 миң сом акча чогулуп, чогулган каражатка айылдагы өтө муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк алып беришкен.
Райондун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков «Усман бин Аффан» мечитинин жааматына ыраазычылыгын айтып, колунда бар жарандарды кайрымдуу болууга чакырды.

«Шорпо бышырсаң суусун көбүрөөк куюп, кошунаңды да эстеп кой деп куттуу хадистерде айтылып келет. Өтө көп болбосо дагы, колунан келишинче айылдаштарына каралашкан «Усман бин Аффан» мечитинин жааматына ыраазычылык билдирем жана башка мечитерди да ушул иш-чараны улантуп кетүүлөрүн каалайт элем. Колубуздан келишинче, көңүлүбүздөн чыкканча жардам бере берели. Балким, сиздин аз гана нерсеңиз, өзгөнүн жылмайуусуна себеп болуп калаар», — Бактыбек ажы Убабеков.