Баткен казыяты муктаж 35 үй-бүлөгө күнүмдүк турмушка зарыл болгон азык-түлүк баштыкчаларын таратты

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасы менен казыят кызматкерлери 35 муктаж үй-бүлөгө  күнүмдүк турмушка зарыл болгон тамак-аш азык түлүктөрүн түзгөн баштыкчалар таратылып берилди.

Муну менен катар облус казысы район-шаардагы баш имам хатибдерге жергиликтүү муктаждарга оор кырдалда көмөк көрсөтүү үчүн тиешелүү тапшырмаларды берип, учурда жер-жерлерде кайрымдуулук иш-чаралары уланууда.

“Аткарылып жаткан кайрымдуулук иштер менен колунда бар инсандарды, муктаж жарандарга көмөк көрсөтүүгө чакыруу оор күндөрдү бири-бирибизге көмөктөшүп, жеңүү менен «садака, кайрымдуулук балээни кайтарат» дегендей кайрымдуулуктар менен элибизден балээ кетип, аманчылык болуусун Жараткандан тилейбиз”,- дейт облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов”.