Кадамжайда дин кызматкерлери, ишкерлеер жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте дарыгерлерге зарыл тепловизор, коргонуучу жаражаттарды алып берди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айыл өкмөтүндө дин кызматкерлери, ишкерлер, айыл өкмөтү менен биргеликте 110 миң акча каражатын чогултуп,  дарыгерлерди колдоо үчүн 83 миң  сом. Ага коргонуучу кийим кечелерди, антисептик, гигиеналык, дезинфекциялык каражаттарды жана 2 даана тепловизор алынып берилди. Ал эми 30 миң сомго 12 үй-бүлөгө ун, эт, май берилди.

Ал эми калан акча каражатына жардамга 12  муктаж үй-бүлөлөргө  ун, эт, май жана башка азык-түлүктөрдөн турган жардамдар таратылды.

“Дүйнөнү каптаган бул илтеттен буюрса биримдик бири-бирибизге колдоо көрсөтүү менен чыгабыз. Учурда дагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр камдалууда. Мындай кайрымдуулук иштери дагы улантылат”,-дейт Шакир ажы Маматов.