Ак-Талаада элибиздин тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү (сүрөт)

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда учурдагы кырдаалга байланыштуу элибиздин амандыгын тилеп түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Ак-Талаа районунун Баетов айылында Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев, Администрациянын жетекчиси аким Сейтек Кулубаевич, Ак-Талаа биримдиги коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Баялиев, Ак-Талаа биримдиги коомдук бирикмесинин жамааты жана кайрымдуулук кылган жергиликтуу атуулдар катышып.

Жараткандан элибиздин тынчтыгын, биримдигин, амандыгын ар кандай балее кырсыктардан оолак болууга эл жерибиз үчүн тилек тилеп түлөө откөрүлүп, бата кылынды.
Анда мекенчил агабыздын демөөрчүлүгү менен 1 жылкы союлуп, 1 миң даана бет кап алынып келинген. Ак-Талаа районунун активист уул кыздарынын жардамы менен тамак аш жана тазалык каражаттары алынып 80 үй-бүлөгө жер жеринде тапшырылып берилди.

Түлөө болгон жерде көзү өтүп кеткен маркумдардын урматына Куран окуу болуп, андан соң аким Сейтек Кулубаевич кайрымдуулук жана тилөө уюштуруучуларга ыраазылыгын билдирди.

Андан соң баш имам хатиб Акылбек Эсеналиев «Пенденин кылганына шүгүр кылбаган Аллага шүгүр кылбайт» деп сөзүн улантып уюштуруучу топко ыраазылыгын билдирди.

«Биздин ата-бабаларыбыз Жараткандан эл-журтубуздун амандыгын мамлекетибиздин бүтүндүгүн тилеп, ар кандай оорулардан, белээ кырсыктардан сактануу максатында, кан чыгарып, түлөө өткөрүп келишкен. Биз дагы ата-бабаларыбыздын да каада-салтын эстен чыгарбай, шариятка каршы келбесе аларды да аткарсак жакшы болот. Жараткан Алла мамлекетибизди жана буткүл эл журтубузду ар кандай жугуштуу оорулардан сактасын», — деди Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев.