![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/04/0e824ef6-a723-4275-9ddb-7470e1e205e7.jpg)
Нарын районунуна караштуу Миң-Булак айыл өкмөтүндө демөөрчүлөр менен биргеликте муктаж үй-бүлөөлөргө жардам баштыктары уюштурулуп, таратылды. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиев билдирди.
Анын билдиргенине караганда, жалпы 33 үй-бүлөөгө ун, май, макорон жана башка азык түлк берилди. Бул иш-чарага айыл имамы Шараф Мусаев жана Максат Садыров катышып, айылдын тургундарына ушундай оор кырдаалда элге жардам көрсөтүштү.
«Кыйын кырдаалда кол сунуп, жаткан кыргыздын азаматтарына Аллах раазы болсун. Бири-бирибизди колдоо, биримдик, ынтымак менен бул илдетти жеңебиз. Коронавирусту алдын алуу максатында жалпы элге айыл өкмөт менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,- деди айыл имамы.