Жаткан жериңиз жайлуу, кабырыңыз нурлуу болсун! Азирети Муфтий дин аалымы Залихаев Магомед Габибула Магомедовичтин дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өлкөбүздө дин тармагында өз өмүрүн арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинде мүчө жана Азирети Муфтийдин орун басарлыгына чейин үзүрлүү эмгектенген аалымыбыз, устазыбыз Залихаев Магомед Габибула Магомедовичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтам.

Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Габибула ажынын  Кыргызстан мусулмандары үчүн жасаган зор эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Мурдагы Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын учурунда Азирети Муфтийдин орун басары, Аалымдар Кеңешинде мүчө болуп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалынынын түптөлүшүнө, элибизге динибиздин асыл балуулуктарын жеткирүүдө салымы чоң. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалам Габибула ажынын  үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз маркум Габибула ажыны Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан  тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев