Жумгал районунун Дыйкан айылынын имамы кайрымдуулук жардамын көрсөттү

Нарын облусунун Жумгал районунун Дыйкан айылынын имамы Сабырбек уулу Тилек айыл жаштары менен биргеликте айылдагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү. Бул тууралуу имам өзү билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Дыйкан айылынын жаштары менен биргеликте айылдагы жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, жалпысынан 20 үй-бүлөлөгө ун, май, макарон жана башка азык-түлүк таркалып берилди.

«Айылыбыздын жаштарына, кайдыгер карабаган кайрымдуу адамдарга, айыл тургундарына ушундай кыйын кырдаалда элге жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай жардам көрсөтүү иштерин айыл жаштары менен биргеликте мындан ары дагы улантып турмакчыбыз»,-деди Сабырбек уулу Тилек.

Ошондой эле учурдагы кырдаалга байланыштуу айыл өкмөт менен биргеликте айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жаштар менен биргеликте жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.