Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Залихаев Магомед Габибула Магомедовичтин дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен! ‎

Тээ союз учурунан тартып бүгүнкү күнгө чейин дин жаатында талыкпай эмгектенип, балдарды окуткан, учурдагы белгилүү аалымдардын көбүнүн устаты, Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармалыгынын ишине жана өлкөбүздөгү диндин өнүгүүсүнө чоӊ салымын кошкон аалым Мухаммад Хабибулла устаздын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өзүмдүн жана Кыргызстан Ислам университетинин жамаатынын атынан анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине жана бир туугандарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтам.
‎‏Алла Таала устаздын билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акыретин абад кылсын. Өмүр бою жасаган жакшы иштеринин сооп-сыйын арттырып, эсеп-кысабын жеӊил кылсын. Кабырын нурдуу, түбөлүктүү жайын бейиш кылсын.
‎‏Артында калгандарга сабыр берип, урук-урпагынан устаздын жолун жолдогон илим-билимдүү, элге-журтка пайдасы тийген инсандарды чыгарсын. ‎

اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَهُ وَارْحَمْهُ وَعَافِهِ وَاعْفُ عَنْهُ وَأَكْرِمْ نُزُلَهُ وَوَسِّعْ مُدْخَلَهُ وَاغْسِلْهُ بِالْمَاءِ وَالثَّلْجِ وَالْبَرَدِ وَنَقِّهِ مِنَ الْخَطَايَا كَمَا نَقَّيْتَ الثَّوْبَ الأَبْيَضَ ‎‏

КИУнун ректору жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов