Мухаммад Габибулла ажынын үй-бүлөсүнө көңүл айтамын. Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин көңүл айтуу каты

Кыргызстандын дин тармагында эмгектенип, бир кездерде Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинде мүчө болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн дин аалымдарынын устазы саналган Залихаев Мухаммад Габиблулла ажынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты:
«Аксакал аалымыбыздын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз.  Мухаммад Габибулла ажы өзүнүн көз карашы бар, принциптүү жана илими терең аалым эле. Дин Башкармалыгында экс Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын орун басары болуп эмгектенген жана Уламалар Кеңешинде жигердүү иш алып барган эле. Бүгүнкү күндө биз тааныган аалым жигиттердин да устазы болчу. Ал киши бул өмүрдө көп шакирттерди окутуп, өзүнүн жолун улантуучуларды тарбиялап өстүрүп кетти. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атымдан Мухаммад Габибулла ажынын үй-бүлөсүнө жана шакирттерине көңүл айтамын. Аза-кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен, устаттын ыйманы саламат, жайы жанната болсун. Алла Таала ырайымына алсын деп тилейбиз»- деп айтылат төрага Абибилла ажынын көңүл айтуу катында.