Кадамжай районунда 400 миң сомдук кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү

Дүйнө жүзүндө анын ичинде өлкөбүздө орун алып жаткан коронавирус илдетинен улам жабыркап жаткан муктаж үй-бүлөгө мамлекеттик жана ишкерлер колдоо көрсөтүүдө. Алардын арасында диний уюмдар четте албай ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.

Кезектеги кайрымдуулук иш-чарасы Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында өткөрүлүп жалпы 400 миң сомдук жардам көрсөтулдү. Бул тууралуу Кадамжай райондук хатибиятынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кайрымдуулуктун натыйжасында  Кадамжай шаарында 51 үй-бүлөгө, Айдаркен шаарында 15 үй-бүлөгө, ал эми  Үч Коргон айылында 100 үй-бүлөгө , Халмион айылында   10 үй-бүлөгө азык-түлүк  жардамдар тартылды. Жалпы 176 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Кадамжай районун баш имам хатиби Шакир ажы Маматовдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан мындай кайрымдуулук иштери дагы улантылат.