Каракол шаарынын мечиттеринде ишембилик өтүп, кары-картаңдардын үйү дагы тазаланды

Жаздын келиши менен учурда Каракол шаардык хатибияты шаар ичиндеги мечиттерди тазалоо иштерин жүргүзүп, ишембилик өткөрүүдө.

Имамдардын жана мечит жамааттары менен бирге көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана көчөт отургузуу иштеринен сырткары, учурда кырдаалга байланыштуу үйлөрүндө отурган кары-картандардын, жетим-жесирлердин үйлөрүн дагы тазалап, айланасын иретке келтирүү иштерин аткарышууда.  

 “Жазгы аракеттерибизди көрүп, бүгүнкү күндө быйылкы иш-планда каралган иштерибизди учурдун талабын сактоо менен ишке ашырып жатабыз. Айта кете турган нерсе, жетим-жесирлердин, багар-көрөрү жок карыларыбыздын үй-жайын тазалап, көмөк көрсөтүп, колдон келишинче кайрымдуулук иштерибизди уланта беребиз”,- деди Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков.